Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.03.2018 13:01

Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы аймагында таш көчкү түштү (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 398-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарынын аймагында таш көчкү түштү. Бул тууралуу №30 жол тейлөө ишканасынын башчысы Эдил Сейталиев билдирди.

Маалыматка караганда, 2-март күнү саат 8:30дар чамасында Бишкек—Ош жолунун 398-чакырымына болжол менен 1400 куб таш көчкү түшкөн. Бул таш көчкү унаа жолдун бир тараптагы каттамын жаап калган.

Ал эми саат 12:00 чамасында экинчи жолу кайра таш көчкү түшкөн. №30 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо иштерине 6 кызматкер жана 3 техника тартылды, адамдар жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×