Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.03.2018 12:01

Аксынын Райкомол айылында 40тан ашуун үй-бүлөнү жер көчкү басып калуу коркунучу бар (фото)

Turmush -  Аксы районунун Райкомол айылында 40тан ашуун үй-бүлө отурукташкан жерде жарака пайда болуп, ал улам чоңоюуда. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Жеңиш Азимбеков билдирди.

Анын айтымында, жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактагы жердин жаракасы 1,5 метрге жетти.

«Өткөн жылы ӨКМ коркунуч жараткан жер көчкүнү атайылап жардырып түшүрүүдөн баш тарткан. Бирок жер көчкү улам активдешип жатат. Учурда жараканын чоңдугу 1,5 метрден ашты. Учурда 40тай үй-бүлөгө коркунуч жаралууда», - деди жергиликтүү тургун.

Райкомол айлында 2017-жылы 2 жерде жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган. Кийинчерээк ал жерде жер көчкү жүрүү коркунучу жок деген жыйынтык чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×