Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 02.03.2018 10:36

Эл ичи — өнөр кенчи: Музыкалык билими жок И.Кудретов таасирдүү ырларды жазып, обон жаратат (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулуп, ошол жерде өскөн жаш талант Ильяс Кудретов учурда таасирдүү жана элдин жүрөгүнөн орун алган тарбиялык маанидеги ырлардын автору. Аймактык кабарчы Ильяс менен таанышты.

Ильяс 1992-жылы Кербен шаарынын Курулуш айылында туулган. Үй-бүлөдө жалгыз уул. Атасы Кудрет жана апасы Арзыкан учурда 49 жашта, алар ушул шаарда төрөлүп чоңоюшкан. Учурда чакан бизнестин ээлери.

«Мага талант тайларым жактан келсе керек. Тайларым жакта чыгармачыл инсандар көп жана ырдап жүргөндөрү бар. Ал эми өзүмдүн ата-энем жаш кездеринде ырдашкан экен. 1998-жылы айылдагы Ынтымак орто мектебине кирип, 8-класска чейин окугам, андан кийин Бишкектеги №7 орто мектебин аяктадым. Мектепти бүткөн соң Кыргызстан эл аралык университетинин менеджмент факультетине барып, жогорку билимдин ээси болуп чыктым.

Балалык кезим айылда өттү. Ата-энебиз "укта" десе уктамыш болуп, эшик жабылары менен айнек терезеден секирип чыгып, ылай сууга жуунчубуз. Апам текшерүүгө келерде ордубузга барып жатып калаар элек. Бирок сууга түшкөнүбүздү билип койчу. Көрсө кулак-башыбыз бозоруп билинип калчу экен. Торпокторду да кайтарчубуз», - деди ал.

Ильяс Кудретов учурда жеке ырчы катары ыр жазып, обон чыгарат. Алгачкы жолу сахнага 2008-жылы чыккан.

«Көбүнчө ырларым тарбиялык мааниде жана таасирдүү ырлар. Элдин, коомдун аң-сезимин өзгөртө турган клиптерге басым жасайм. Музыкалык билимим жок. Болгону кичинекей кезимден эле ырга жакынмын. Эсимде, биринчи жолу 4 жашымда эл алдында ырдагам. 1-класста мектепте фортепиано ойночумун. Учурда жеке 13 чыгармам бар, анын жетөөсүнө клип тартылган», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×