Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.03.2018 17:47 На русском

Нарын ГЭСтин кызматкерлери нааразычылык акцияга чыгышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 1-мартта Кара-Көл шаарындагы «Нарын ГЭС» ААКтын кызматкерлери айлык маянанын кечиктирилип жатканынан улам нааразычылык акцияга чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кызматкер У.Бекболотовдун айтымында, акыркы 3 жылдан бери алардын эмгек акысы кечиктирилип жатат. «Ай сайын бизге аванс катары 5000 сомдон гана берип жатышат. Бул азыр эмнеге жетмек эле? Көптөгөн кызматкерлердин пенсияга чыгуу убактысы келди. Бирок алар Социалдык фондго каражат которулбагандыктан пенсияга чыга албай жатышат», - деди ал.

Ал эми, ачык акционердик коомдун директору Нурманбет Жекшеев «Нарын ГЭС» ишканасы учурда оор абалда болуп жатканын билдирди. «Көптөгөн жылдан бери салык жана Социалдык фондго карыз топтолду. Ал эми айлык маяна тууралуу айтсам, буга чейин алар ай сайын алып жатышкан. Эмгек акы январь, февраль айларына төлөнө элек. Учурда «Электр станциялары» менен кызматкерлерге айлык маянаны каржылоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×