Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 01.03.2018 16:39 Жаңыланды: 01.03.2018 17:21

Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын дарбазасын кулатып салышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-мартта Тогуз-Торо районунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болгон тургундар кайрадан митингге чыгышты. Райондун акими Тилек Идирисовдун айтымында, нааразы болгон тургундар заводдун курулушун көрүп чыгышты.

«Митингге чыккан элдин ичинен 100гө жакын адам комбинатка кирип, заводдун курулушун көрүп чыгышты. Эл заводдун иштөөсүнө каршы болууда», - деди ал.

Маалым болгондой, митингге чыккандар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын алдына барып, анын дарбазасын кулатып салышты. Ошондой эле, алар тез арада ишти токтотуп, чыгып кетүү талабын коюшту.

Митингге чыккан тургундар 10-мартка чейин мөөнөт беришип, кайрадан тарап кетишкен.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-февралда митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мөөнөт берип тарап кетишкен болчу.

Жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×