Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.03.2018 14:51

Жалал-Абаддын тургуну 200 даана көк чаар балык менен кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз балык уулаган адам кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 25-февралда рейд жүргүзүлүп, анын алкагында Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Т.Уланбек тор менен балык кармап жүргөн жеринен кармалган.

«Жергиликтүү тургун 200 даана балыктын осман (көк чаар) түрүн кармаган экен. Бул боюнча протокол толтурулуп, облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери рейд алкагында мыйзамсыз балык уулап жүргөн экинчи жаран кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×