Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Жалал-абаддык студент мугалимдерди «умный дурак» деп атады (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 28-февралда орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугуп, аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу боюнча алардын ой-пикирлерин укту.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү студенттердин түрдүү суроолоруна жооп беришти. Мында студенттер коррупциялык көрүнүштөр орун алган окуу жайлар бар экендигин, ошол эле тапта өз билими менен баа алып жатышкандар деле арбын экенин ырасташты.

Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунун студенти мугалимдер «умный дурак» болушарын жана алар колдоруна акча албаса да, өздөрүнүн усулдук колдонмолорун студенттерге жасатып алышарын айтты.

«Айрыкча бүтүп жаткан студенттерде акча топтоолор көп болот, бул бардык эле окуу жайларда бар экенин баарыбыз билебиз. Студенттер аны ачыктагандан коркуп, окуумду бүтүп кетейин дешет. Мугалимдер акчаны ачык чогултушпаса да усулдук колдонмолорун даярдатып же башкача варианттарды колдонушат. Алар «умный дурак» болушат», - деди студент.

Мындан тышкары, «Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аталыштагы жолугушууга район-шаарлардан келген 300гө чукул студент катышып, коомдо болуп жаткан окуяларга өз пикирлерин айтып, коррупция менен күрөшүүгө студенттердин салымдары чоң экендигин белгилешти. Ошондой эле, алар жумушсуздук маселесин көтөрүшүп, диплом алган жаштар чет өлкөлөргө агылып жатканын жана окуу жайларда акча алган учурлар бар экенине токтолушту.

Ал эми ыйгарымдуу өкүл жаштар интернеттен негативдүү маалыматтарды алып жатышкандыгы ойлондураарын айтып, аларды китеп окууга үндөдү.

«Студенттер үчүн ата-энелер, окуу жайлар жакшы шарт түзүп берген, баарыңыздарда уюлдук телефон бар, интернетке киресиңер. Көпчүлүк жаштар интернетти өз билимдерин өркүндөтүүгө колдонбой жатат. Жаштар биздин эртеңки келечегибиз. Андыктан билимди тереңдетип, китеп окугула. Көпчүлүк жерде жумушка кирүү сынак аркылуу болуп калган, тилекке каршы сынактарга катышкан жаштар жетиштүү упай топтой албай жатышат. Эгерде билимдин пайдубалы бекем болсо сынактарда жогорку упай алып, түрдүү жумуштарга кире алышат. Азыр жаштардын тааныш-билиши, акчасы жок эле жумушка кирүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бар», - деди өкүл.

Жолугушууга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, студенттердин түрдүү суроолоруна жооп беришти. Студенттерде саламаттыкты сактоо тармагына болгон суроолор көп болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1280
Көп окулду
×