Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.02.2018 20:46

Базар-Коргондо окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларын орус тилинде көркөм окушту (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы өзбек тилдүү мектептердин орус тилчи мугалимдерине семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинардын жүрүшүндө райондун башка мектептеринен келген мугалимдер үчүн №3 Бабур атындагы гимназия-мектебинин орус тилчи мугалимдери тренингдерди өткөрүштү.

Мындан сырткары, семинардын жүрүшүндө мектептин окуучулары тарабынан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата орус тилинде таймаш өткөрүлүп, окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларын орус тилинде көркөм окуп, сахналаштырып көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×