Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 28.02.2018 11:00

Чаткалда 18,7 млн сомго курулган суу түтүктөр жарылып, колдонуудан чыгып калды (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Башы-Терек айылындагы суу түтүктөр жарылып, колдонуудан чыгып калды. Бул тууралуу айыл тургуну Шекербек Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, элдин суранычы менен «Чанач» алтын казуучу фирмасы айылга таза суу чыгарып берүү үчүн 16,7 млн сом бөлгөн. Бирок ал каражат жетпей, өткөн жылы районду өнүктүрүү фондунан 2 млн сом каражат бөлүнгөн.

«Таза суу чыгаруу иши бүткөндөн кийин көп узабай суу чыгуучу колонкалардын түтүктөрү суукка чыдабастан жарылып, жердин түбүнөн суу агып жатат. Ал эми башка көчөлөрдөгү түтүктөрдүн айрымдарынан суу чыкпай калса, айрымдары эчак эле кулап калган. Аны көзөмөлгө алган район жетекчилиги жок. Акимди өзүбүз издеп барып, кезиктире алган жокпуз», - дейт айыл тургуну Ш.Муратбеков.

Мындан тышкары, райондун Коргон-Сай айылына дагы кен казуучу фирмалар таза суу чыгарып берүү үчүн каражат бөлүшкөн. Курулуш аяктаганы менен айылда суу чыга элек.

Чаткал району боюнча 26 миң 800 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×