Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.02.2018 08:05 Жаңыланды: 25.04.2018 07:59

Айыл турмушу: Сузактык өтүкчү кайыштан тиккен бут кийимдерди 4000 сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ырыс айылынын 56 жаштагы тургуну Шарабидин Рахимбердиев 41 жылдан бери кайыштан бут кийим тигүү менен алектенет. Элеттик өтүкчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал өтүкчүлүктү мектепте окуп жүргөндө эле өздөштүрүп баштаган.

«Мектепте 9-классты аяктап эле бут кийим тигүүчү өтүкчүгө шакирт болдум. Башында жыйырмага жакын мага окшогон үйрөнчүк балдар бар болчу, мен дагы алардын катарын толуктадым. Өзүмдүн бир аз кызыгуум болгону үчүн бат үйрөнүп кеттим. Кийинчерээк бут кийим тигүүчү заводдо иштеп жүрдүм. Союз тарагандан кийин ал ишкана да жабылып, өлкө базар экономикасына өткөндөн кийин Россияга иштегени кеттим. Ал жакта да устачылык кылып жүрдүм. Жалпысынан Россияда 12 жыл мигрант болуп жүрдүм», - дейт Ш.Рахимбердиев.

Ал учурда кайыштан тиккен бут кийимдерди 3000 сомдон 4000 сомго чейин сатып жатканын айтты.

«2 жылдан бери өзүм устакана ачып, кайыштан бут кийим тигип жатам. Материалдын көбүн Москвадан, Андижандан жана Бишкектен алдырам. Бир туфлини тигүү үчүн эки күн убакыт кетет. Бир туфлини 3000 сомго чейин баалайм. Кардарлар бут кийимдин таза кайыштан жасалганын көрүп алышат. Учурда өзүмө шакирт кылып 1 баланы тарбиялап жатам. Алдыда жаңы фасондогу бут кийимдерди тигип, кардарларыма сунуштоо планым бар», - дейт элеттик өтүкчү.

Шарабидин Рахимбердиев 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×