Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.02.2018 15:40

Базар-Коргондо буттары зым менен оролгон үкү эркиндикке коё берилди (видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунда мыйзамсыз кармалган үкү табылып, жараталышка коё берилди. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын адистери текшерүү учурунда, белгисиз жарандар Базар-Коргон районунда үкүнүн мыкый деп аталган түрүн мыйзамсыз кармап жүргөн жарандар аныкталган. Табылган үкүнүн буттары зым менен оролуп, кордолуп жүргөнү тастыкталды.

«Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, үкүнүн ден соолугу жакшыргандан кийин адистер тарабынан боштондукка коё берилди», - деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомстводон маалымдашкандай, үкүнү үй шартында кармоого, багууга тыюу салынат. Административдик айыптан сырткары үкүнүн кызыл китепке кирген түрлөрүнө кыянаттык кылгандарга кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×