Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 27.02.2018 13:29 Жаңыланды: 27.02.2018 17:59

Фото — Чаткалдык Т.Накетаев карышкырдын этин, тырмагын жана тиштерин сатыкка чыгарат

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылынын 42 жаштагы тургуну Топчубек Накетаев карышкырга тузак салып, анын этин сатууну көздөөдө. Элеттик тургун менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, короодогу койлорго карышкыр дайыма кол салат. Аны алдын алуу үчүн атайын капкан салып турат.

«Капкан салганыма 15 жылдай болуп калды. Кичинекей кезимде атам карышкырларга капкан салчу. Жакында эле айылдагы короолорго карышкыр кирип, малга кол салыптыр. Күн суук болуп, кар катуу жаагандыктан карышкырлар короодогу малга кол сала башташты. Кошунабыздын алты коюна кол салгандан кийин мен да капкан коюп баштадым. Кечээ күнү капканга карышкыр түшкөн экен, аны итке талатып өлтүрдүм. Карасак карышкырдын канчыгы экен. Ошол эле күнү кеч киргенде унаа айдап баратсам алдымдан карышкыр чыгып, аны сүзүп кеттим. Ал карышкырдын дөбөтү экен. Бир жылда орто эсеп менен 10го жакын карышкырды атып же капканга түшүрөм. Ал эми быйыл жыл жаңыргандан бери 4 карышкыр кармадым. Буга чейин айыл өкмөт тарабынан мергенчилерге сынак жарыяланып, ар бир атылган карышкырга 5000 сомдон кызыктыруучу белек берилчү. Айыл өкмөткө алып барсам албайбыз дегенинен базарга алып чыгып сатууну пландап жатам.

Базарда карышкырдын этин, тырмагын жана тарамыш, бөйрөгүн сатып алышат. Бизде кытайлар көп болгондуктан карышкырдын этин кызыгуу менен алышат. Ал эми этти эмне кылышарына кызыгып көргөн эмесмин. Тырмагын, тиштерин тумар катары алышат. Мындан сырткары бешиктеги баланы ар кандай жаман көздөн сактасын деп ырымдагандар бар. Ал эми бөйрөгүн, тарамыштарын көзү ачыктарга ишенгендер буйрутма берип сатып алышат», - дейт ал.

Ал эми Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурбай Бексариев жакынкы аралыкта кайрадан карышкыр аткандарга кызыктыруучу белек тапшырылаарын айтат.

«Буга чейин ар жылы биздин айыл өкмөт мергенчилерге сынак жарыялап, ар бир атылган карышкыр үчүн беш миң сомдон белек катары тапшырылып, бул сынак 1 ай аралыгында өткөрүлчү. Быйылкы жылы бул сынакты өткөргөн жокпуз, келе жаткан жумада айылдык депутаттар менен биригип сессия өткөрүп, сынакты кайрадан уюштуруп, карышкыр аткан мергенчилерге акча тапшырабыз», - деди ал.

Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 5 айылдагы 4840 кожолукта 10184 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

23.01.2017Карышкыр сезону: Чаткалда 3 айда 11 карышкыр, 15 чөө аткандар сыйлык алышты (фото)
24.01.2017Карышкыр сезону: Чаткалдыктар ат менен кууп жүрүп, 5 карышкыр кармашты (фото)
27.11.2017Карышкыр сезону: Чаткалда 8 жылкы, 2 уйду карышкыр жеп кетти, - айыл башчы
17.01.2018Карышкыр сезону: Кош-Дөбө айылындагы мергенчилер 4 күндө 7 карышкыр атышты
23.01.2018Карышкыр сезону: Суусамырдын эки тургуну киши боюндай болгон эки карышкыр атышты (фото, видео)
23.01.2018Карышкыр сезону: Ысык-Көлдүн тургундары 2 карышкырдын изине түшүп, бирин өлтүрүштү (фото)
24.01.2018Карышкыр сезону: Ак-Суунун сырт өрөөнүндө мергенчилердин тобу 5 карышкырды атып өлтүрүштү (фото)
27.01.2018Карышкыр сезону: Ак-талаалык мергенчилер бир күндө 2 карышкыр атты (фото)
12.02.2018Карышкыр сезону: Аксынын тургуну карышкырды тузак менен колго түшүрдү (фото)
20.02.2018Карышкыр сезону: Ак-Сууда жыл башынан бери 18 карышкыр жок кылынды (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×