Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.02.2018 09:53

Мекендештер: Базар-коргондук Д.Ташиева Москвада тиккен төшөктөрдү чет өлкөлүктөр да сатып алышат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 34 жаштагы тургуну Дания Ташиева Москва шаарында төшөктөрдү буйрутма менен жасап эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим.

«9 жыл мурун Москва шаарына келгем. Бул жактан төшөктөрдү тигип, кол өнөрчүлүк менен алектене баштадым. Социалдык баракчаларга сүрөттөрүн жүктөп жаттым. Ал жактан көп буйрутмалар келе баштады. Көбүнчө биздин эле мекендештерибиз буйрутма беришет. Бирок чет жактын дагы элдери кызыгып сурап, сатып алгандары көп. Төшөктөр сапатына жараша 1300 сомдон тарта 2300 сомго чейин бааланат. Топтомдо 4 төшөк, 6 жөлөнгүч болуп, анын баасы 10 миң сомдон 14 миң сомго чейин жетет. Унаага дагы кыргыз төшөктөрүн тиктирүүгө буйрутма беришет. Алар 2400 рублдан болот. Чеберчиликтен түшкөн каражат менен үй-бүлөмдү багам», - деди ал.

Чебер айым жолдошунун көзү өтүп кеткендигин кошумчалады.

«3 кыз, 1 уулдун энесимин. Улуу кызым 8-класс, уулум 6-класс, кичинекей эгиз кыздарым 4-класста окуп жатышат. Жолдошум 10 жыл мурун каза болгон. Жолдошум каза болгон соң 15 күндөн кийин эгиз кыздарыбыз төрөлгөн. Чынында абдан кыйын учурлар болду. Аракет кылсаң берекеси болот. Кудайга шүгүр, балдарымдын оокатын таап, керектүү нерселерди камсыздап, жашообуз жакшы. Келечекте кыздарга жумуш орундарын түзсөм дейм. Бадарымды жогорку билимдүү кылып, жакшы инсандар чыкса деп тилейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×