Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.02.2018 16:44 На русском

Бишкек—Ош жолундагы унаа кырсыктан 2 адам каза болуп, экөө жабыркады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы унаа кырсыктан 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек—Ош жолунун 493-чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) «Хендай Аванте» (мамлекеттик номуру 02 KG 913 AAF) менен «Днепр» үлгүсүндөгү кран кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (өздүгү такталып жатат), экөө жабыркады.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаага кыпчылып калган адамдарды чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаракат алгандар Кочкор-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучулардын бири — 1992-жылы туулган Э.К. баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган. Ал эми, 1992-жылы туулган С.Б. баш сөөгүнөн жаракат алып, денеси сыйрылган.

Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн унаа кырсыкка айдоочунун жол эрежесин сактабаганы себеп болгонун билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылынын 1992-жылы туулган тургуну З. уулу М. «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаа менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун каршы тилкесине чыккан. «Анын кесепетинен «Днепр» үлгүсүндөгү кранды чиркеп бара жаткан «Урал» менен кагышкан. Жеңил унаа «Днепрдин» алдына кирип кеткен. Окуя болгон жерде «Хендай Аванте» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү — Кызыл-Кыя айылынын тургуну Р. уулу Т. каза болду. Ошол эле унаадагы 2 жүргүнчү Кочкор-Ата аймактык ооруканасына жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсык болгон Ууру-Жар тилкеси эл аралык маанидеги III техникалык категориядагы унаа жол. Аталган тилкеге асфальт төшөлгөн. Жолдун кеңдиги 9-20 метрди түзүп, кыймыл багытындагы жолдун көрүнүүсү 300 метрден ашуун. Окуя болгонго чейин «Кооптуу бурулуш» жол белгилери орнотулган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×