Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.02.2018 13:02

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечеловдун ишин кароо министрликке сунушталды

Turmush -  Билим берүү жана илим министрлиги менен соттошуп жүрүп Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына келген Алмаз Бечеловдун кызматын кароо боюнча акимиат министрликке эки жолу сунуш жиберди. Мындай маалымат облустагы социалдык тармактын иш планын иштеп чыгуу, маданий мекемелердин абалы талкууланган жыйында айтылды. Жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы координатору Рахматулла Козукеев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда билим берүү тармагын жакшыртуу, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү маселелери козголуп, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечеловдун ысымы аталды. Тактап айтканда, Сузак райондук мамлекеттик администрация 9 айдын жыйынтыгы жана жылдын жыйынтыгы чыгарган коллегиянын чечими менен Билим берүү жана илим министрлигине бөлүм башчы Алмаз Бечеловдун кызматын кароо боюнча сунуш беришкен.

Буга чейин маалымдалгандай, А.Бечелов 2014-жылдын февраль айынан бери Билим берүү жана илим министрлиги менен соттошуп келген. 2014-жылы ал Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалган. Бирок ошол мезгилдеги район акими Н.Мирзахмедов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоого район жетекчилиги менен макулдашуу болбогонун жана башка себептерди айтып, анын кызматка келүүсүнө каршы болгон. Мындан улам министрлик буйругун эки аптадан кийин кайтарып алган. Бул абалга нааразы болгон Алмазбек Бечелов министрлик менен соттошуп, кийин кайрадан соттун чечими менен кызматына келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×