Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.02.2018 12:43

100 жылдык тарыхы бар Сузак районунда музей куруу демилгеленди

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы тарых музейлердин жетекчилеринин ишмердигин көзөмөлдөө керек. Мындай пикир өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы координатору Рахматулла Козукеев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда социалдык тармактын иш планын иштеп чыгуу, маданий мекемелердин абалы талкууланган жыйында айтылды.

Маалым болгондой, дубанда жалпы 337 маданият мекемелери бар. Тактап айтканда 112 клуб, 190 китепкана, 21 музыкалык мектеп, 9 музейди иштейт. Андагы мекемелердин ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 8 маданият үйү, Таш-Көмүр шаарындагы бир музыкалык мектеп жана жети китепкананын имаратты кооптуу абалда деп табылган. Маданий мекемелердин үчөө, ошондой эле 1926-жылы түзүлгөн облустук китепкананын имараты титулдук тизмеге кирди. Айылдагы клубдарды мүмкүнчүлүккө жараша жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатат. Мисалы, Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон аймагындагы маданият үйүн оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 3,5 миллион бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Көк-Серек айыл аймагындагы маданий мекеме үчүн ишканалардын бири 700 миң сом бөлүп, оңдоо жумуштары колго алынган. Быйыл дагы райондогу 2-3 маданий мекемелерди жакшыртуу кадамы пландалууда.

Жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ облустагы музейлердин ишмердүүлүгү жеринде текшергени да айтылды.

Ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Канышай Кадырованын айтымында, музейдин имараттары жергиликтүү башкаруу органдарынын балансында турат. Имараттарды оңдоп-түзөөгө, айланасын тосмолоого көмөк көрсөтүлүп келет. Токтогул районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы үй музейине райондук атайын өнүктүрүү фонддун эсебинен 2011-жылы 2 миллион 400 миң сом бөлүнүп, капиталдык оңдоодон өткөн. Эшигинин алды толук таман таш төшөлүп, чатыры жабылып, ички залдары оңдолгон. Эшик-терезелери желимге алмаштырылды.

Ал эми Коргоол Досуевдин адабият музейине 500 миң сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүргөн. Аксы районундагы Жеңижоктун музейине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен 29 миң 300 сом акча каражаты бөлүнүп, кароолкана, ажаткана курулган. Ноокендеги А.Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музейине Масы айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

«Ал эми ички жана сырткы туристтерди тартуу музей кызматкерлеринен көз каранды. Токтогулдагы А.Сүйөркулов музейинде чет элден келген туристтер үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Тактап айтканда музейде экскурсоводдор кыргыз, орус жана англис тилинде кеңири маалымат беришет. Ош—Бишкек жолунун жээгинде жайгашкандыктан чет элден келген туристтердин да саны арбып жатыптыр. Мектептер менен тыгыз иш алып баруу колго алынган. Ноокендеги А.Турумбетов музейи экспонаттарга бай, жетекчисинин дилгирлиги байкалат. Аксы районундагы Жеңижоктун музейинин жетекчисин жолуктура алган жокпуз. Музей жетекчилиги да, кызматкерлери да элементардык кагаз иштерин аткарууга, отуруп иштөөгө шарттар уюштурулбаган. Дубал гезиттеринин эскилиги жетип, саргайып, жазуулары окулбай калган. Жалал-Абад шаарындагы аймак таануу музейинде да жаңыланууга эч кандай аракеттер жасалган эмес», - деп билдирди Канышай Кадырова.

Жеңижок музейинин жетекчилигине чара көрүү керектигин белгилеген Ы.Ызабеков музей жетекчилеринин ишмердигине да көз салуу керектигин айтты.

«Музей жетекчилиги имараттын короосун кайтарып отура бербестен элеттиктер менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен илгерки буюмдарды музейге жыйноого аракет жасашы керек. Чыгармачылык изденүү да зарыл. Музейдин жетекчилеринин ишине көз салууга да көңүл бөлүү керек. Аксыга жумушчу топ барганда музей жетекчисин таба алышкан эмес. Чара көрүү керек», - деди ал.

Мында маалым болгондой, эмдиги жылы Сузак районунун 100 жылдыгы белгиленет, тилекке каршы райондук деңгээлде музей жок. Андыктан бир кылымдык тарыхы бар районго музей куруу зарылдыгы белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×