Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.02.2018 12:30

Чаткалда ачык асман алдында музей уюштуруу сунушталды

Turmush -  Чаткал районунда ачык асман алдында музей уюштурууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу облустагы маданий мекемелердин абалын талкуулаган жыйында айтылды.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы координатору Рахматулла Козукеевдин айтымында, мындай музей уюштурулса эл үчүн дагы жагымдуу болот эле.

«Бизде Тогуз-Торо районунда ачык асман алдындагы музей бар. Чаткалдагы тарыхый-архитектуралык Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүн ачык асман алдындагы музей катары уюштурууга болот. Министрликке кайрылуу менен үч штат бирдигин ачтырып алсак жакшы болоор эле. Ал үчүн жергиликтүү бийликтен аракет болушу керек. Келген туристтердин тизмеги да иретке келет, отчет алууга да жакшы болот. Эл үчүн дагы жагымдуу болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×