Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.02.2018 10:06

Базар-Коргондо 18 жылдан бери үңкүрдө жашаган үй-бүлөнү көчүрүү аракети көрүлүүдө (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагындагы үңкүрдө 18 жылдан бери жашап жаткан Төлөн Мамарасуловдун үй-бүлөсүн башка аймакка көчүрүү боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу өкүлчүлүктө өткөн жыйында айтылды.

Жыйында үңкүр кооптуу абалда экени, ал үй-бүлөнү башка жерге көчүрүү зарылдыгы айтылды. Эми тийиштүү бийлик өкүлдөрү, имамдар биргеликте барып, бул үй-бүлөнүн үнүн угуу менен башка аймакка көчүп чыгуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзөт.

Өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков тийиштүү кызматкерлерди эки аптанын аралыгында үңкүрдөгү үй-бүлөдөн кабар алып, аларды башка аймакка которуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүп келүү тапшырмасын берди.

Буга чейин Базар-Коргон районундагы үңкүрдө Төлөн Мамарасулов 18 жылдан бери жашап келгендиги маалымдалган.

«Жубайым экөөбүз бул жерди жердеп калганыбызга өкүнбөйбүз. 18 жылдын ичинде ден соолугум жакшырды. Үңкүрдө табылган буюмдарды да чогултуп койдум. Мындан сырткары бизге жакын Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен эсептик сандар түшүрүлгөн таштарды, жыгачтарды топтоп жүрөм», - деп билдирген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×