Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Майлуу-Суудагы фестивалда 11 улуттун ыр-бийлери тартууланды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында Эл аралык эне тил күнүнө карата «Кыргызстан менин мекеним» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, шаар аймагында жашаган улут аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында өткөрүлгөн саамалыкка шаар мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Зирекан Батырбекова катышып, шаардагы ар бир улутка ынтымак, бейпилдик каалады. Иш-чаранын алкагында 11 улуттун ыр-бийлери тартууланды.

Майлуу-Суу шаарында 18 улуттун өкүлү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 483
Көп окулду
×