Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 22.02.2018 23:15 На русском

Ала-Букадагы Көк-Таш айылында 2 кабаттуу оорукананын курулушу башталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында 20 орунга ылайыкталган эки кабаттуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, оорукананын курулуш иштери 20-февралда башталган. Курулуш иштерине жалпы 14 млн сом бөлүнүп, ал Көк-Таш айыл өкмөтү тарабынан каржыланат.

Медициналык мекемени 2018-жылдын октябрь айында колдонууга берүү пландалып жатат.

koktash2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×