Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 22.02.2018 20:51

Ноокендеги рейдде эрте никеге тургандар такталат

Turmush -  Ноокенде өтүп жаткан «Тартип» рейдинде эрте турмуш куруп, эрте никеге тургандарды тактоого аракет жасалат. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Андагы иш-чарага жалпы 350дөн ашуун укук коргоочу жана элдик кошуундар тартылды. Иш-чаранын максаты — Аймактарды өнүктүрүү жылында коомдук жайда катталган кылмыштарды алдын алуу, экстремизмге каршы күрөшүү жана эрте турмуш куруп, никеге турган жарандарды аныктоо. Ошондой эле, массалык тартип бузуучулукка жол бербөө болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

«Тартип» рейди бир жумага созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×