Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.02.2018 12:39

Базар-Коргондо мурдагы кайын журтуна барып, 6 адамды мыкаачылык менен бычактоого шектелген күйөө бала кармалды

Turmush -  Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери өзгөчө оор кылмышка шектелген адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кармалган адам бир нече адамга оор жаракат келтирген деп шектелүүдө. Анын колунан алган жаракаттардан улам 1 адам каза болуп, 5 адам ооруканада жатат. Жабырлануучулардын арасында 6 жаштагы бала бар. Кечээ, 21-февралда Өзгөн районунун мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган тургуну Б.Т. Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылындагы мурдагы аялынын үйүнө мас абалда кирип келген. Мас абалында мурдагы аялын жана анын бир нече тууганын бычактаган. Ызы-чуудан улам чуркап келген кошуналарынын бири — 1983-жылы туулган Б.Т. да анын колунан жаракат алып, ооруканадан каза болгон. Андан кийин кылмыш кылган күйөө бала белгисиз тарапка жашырынып кеткен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал айылдардын биринин четинде жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Аталган факты боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголду. Кармалган адам мурда да мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөндүгү такталды. Бир нече ай мурда шарттуу түрдө жаза алып, сот залынан бошотулган. Ал азыр камакка алынып, кылмыш иш иликтенип жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бир адам каза болуп, 5 адам ооруканага түшкөндүгү белгилүү болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында кечээ, 21-февралда түнү болгон. Кайненесинин үйүнө барган күйөө бала спирт ичимдигин ичип алып, кайненесинин үйүндөгү үч адамды жана көчөдө бара жаткан эки тургунду бычактаган.

Анын кесепетинен көчөдө бара жаткан жарандын бири окуя болгон жерде мерт кеткен. Оор жаракат алып, аймактык ооруканага жалпысынан 5 адам түшкөн.

Алар:

- 1971-жылы туулган М.У. (аял киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 1978-жылы туулган К.К. (эркек киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 2012-жылы туулган М.М. (эркек бала), көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайылган;

- 1993-жылы туулган Ж. кызы Г., башынан жана колдорунан көптөгөн жаракат алган;

- 1960-жылы туулган Ч.Б.(эркек адам), оң далысынан жана мойнунан жаракат алган;

Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган Б.К. экени аныкталды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кызыл-Ай айылына күйөө бала болгон жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал уктап жаткан үй-бүлөгө кол салып, алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Үйдөгү аялы жана кайнежеси аны менен алышып, эжеси кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан.

Күйөө бала жардам сурап жөнөгөн аялдын артынан чуркап, жардамга келген эки кошунасын бычактаган. Кайра үйүнө кирип, өзүнүн жубайын жана уктап жаткан 6 жаштагы балага да бычак сайып, качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×