Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.02.2018 10:47 Жаңыланды: 22.02.2018 19:06 На русском

Базар-Коргондо кайын журтуна барган күйөө бала 6 адамды бычактап, бири каза болду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бир адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында кечээ, 21-февралда түнү болгон. Кайненесинин үйүнө барган күйөө бала спирт ичимдигин ичип алып, кайненесинин үйүндөгү үч адамды жана 2 кошунасын бычактаган.

Анын кесепетинен кошунасынын бири окуя болгон жерде мерт кеткен. Оор жаракат алып, аймактык ооруканага жалпысынан 5 адам түштү.

Алар:

- 1971-жылы туулган М.У. (аял киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 1978-жылы туулган К.К. (эркек киши), бычактан алган жарааттан улам ички органдары жабыркаган;

- 2012-жылы туулган М.М. (эркек бала), көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайылган;

- 1993-жылы туулган Ж. кызы Г., башынан жана колдорунан көптөгөн жаракат алган;

- 1960-жылы туулган Ч.Б.(эркек адам), оң далысынан жана мойнунан жаракат алган;

Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 1984-жылы туулган Б.К. экени аныкталды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кызыл-Ай айылына күйөө бала болгон жаран Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал уктап жаткан үй-бүлөгө кол салып, алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Үйдөгү аялы жана кайнежеси аны менен алышып, эжеси кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан.

Күйөө бала жардам сурап жөнөгөн аялдын артынан чуркап, жардамга келген эки кошунасын бычактаган. Кайра үйүнө кирип, өзүнүн жубайын жана уктап жаткан 6 жаштагы балага да бычак сайып, качып кеткен.

Кылмышка шектелген күйөө бала кармалды

Кийинчерээк ИИМдин басма сөз кызматы аталган кылмышка шектелген күйөө бала кармалгандыгын билдирди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал айылдардын биринин четинде жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Аталган факты боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголду. Кармалган адам мурда да мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөндүгү такталды. Бир нече ай мурда шарттуу түрдө жаза алып, сот залынан бошотулган. Ал азыр камакка алынып, кылмыш иш иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×