Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.02.2018 11:03 Жаңыланды: 21.02.2018 18:47 На русском

Айыл турмушу: Чаар жылкыларды баккан токтогулдук саяпкер М.Кулданбаев анын өзгөчөлүгүн айтып берди (маек)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү болгон жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.

Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр түптөп, аларды бакканына 8 жыл толду. Анын короосундагы чаар жылкынын элесин франциялык «Hermеs» компаниясы жоолукка түшүргөн.

М.Кулданбаев дүйнөдө популярдуу болгон Америкадагы аппалуза жылкыларынын ата-теги биздин чаар жылкылар деп эсептейт. Ал бир катар изилдөөлөрдөн кийин ушундай пикирге келген.

Жаңы зеландиялык жылкычы айым Скотт Ингстром аппалуза аттарынын түпкү мекени биздин өлкөдөгү чаар жылкылар экенине ишенип, «Түндүк Америкага Европадан эмес Беринг кысыгы аркылуу Азиядан барган болушу мүмкүн» деген болжолун генетикалык анализдер аркылуу далилдөөгө аракет кылган.

Саны азайып бара жаткан жылкыларды багып жаткан М.Кулданбаев менен аймактык кабарчы баарлашты.

- Чаар жылкыларды кармооңузга эмне себеп болду?

- 2008-жылы дүйнөлүк белгилүү телеканалдын журналисти Конор Вудман «Дүйнөнүн чар тарабындагы 80 соода» аттуу программасынын бир сериясын Кыргызстанда тарткан. Фильмдин максаты жылкы эмес соода-сатык жөнүндө эле. Ошондо чаар жылкы кадрларга түшүп калган экен. Фильм дүйнө элине көрсөтүлгөн, аны жаңы зеландиялык жылкычы аял көрүп калган экен. Ал бизге байланышып, чаар жылкылар боюнча сурай баштаганда, эмнеге кызыгып жатты экен деп аны менен бирге мен дагы иликтей баштадым. Ошонун негизинде жакшылап изилдесем чаар жылкы боюнча көп тарыхый маалымат байыркы көчмөн кыргыздардын тарыхы менен терең байланышта болуп чыкты. 2012-жылы Кыргызстандан, Европадан жана Америкадагы бир нече чаар жылкылардын ДНКсын алдырып, генетикалык анализ жасаганбыз. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен дүйнөгө белгилүү болгон аппалуза менен биздин чаар жылкылардын генетикалык маалыматы дал келген. Биз изилдөөлөргө таянып, Америкага Беринг кысыгы аркылуу өтүп кеткен деп айтып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин да изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатам. Ветеринардык генетикалык изилдөөлөр менен чектелип калбастан тарыхый маалыматтардан, адабияттардан да изилдөө аракетин көрүүдөмүн. Чаар жылкы үчүн күйгөн адамдар чогулуп, өз алдыбызча да изилдөө жүргүзүүгө аракет кылуудабыз. Жылкылар боюнча түрдүү маалыматтарга ээ боло баштаган соң, өзүм да кыргыздын тарыхы камтылган жылкыларды көбөйтүүнү туура көрдүм.

2012-жылы Соң-Көлдөн сатып алдым, ар тараптан жыйналды. Азыр бир үйүргө жетип калды. Ат жалында өскөн калкпыз дегенибиз менен өзүбүздүн жылкылардын кадырын билбей жатканыбыз мени өкүндүрөт.

- Бул жылкылар сырткы келбетинен башка кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

- Чаар сулуудан төртүнчү жолу кулун алынды. Бул жылкылар аябай акылдуу болушат. Денесиндеги кооз түстөрү, оор климаттык шартка чыдамкайлуулугу акылдуу, күчтүү, кубаттуу туяктары менен айырмаланат. Негизгиси тоолуу шарттарга ылайыкталган, жем, чөптү көп талап кыла бербейт, этин дагы жоготпойт, арыктаса да бат калыбына келет. Чаар жылкынын 5 түрдүү өңү бар. Өңүнө эле карабастан туяктарына, көз чанактарына да маани берилет. Мунун басыгы да өзгөчө болот. Желдирип чуркаганда жерге бир гана туягы тиет. Анан да алыс жолго минген адамды чарчатпайт. 10-15 күн минүүгө туруштук бере алат, анткени туягы бекем болот. Мык оңой менен кирбейт. Ден-соолугу да башка жылкыларга салыштырмалуу бекем болот. Бул жылкылар деле оорушат, бирок башка жылкыларга салыштырмалуу оорусу жеңил өтөт, кээде байкабай да каласың. Дагы бир өзгөчөлүгү дүйнөдө белгилүү, ошол эле тапта жоголуп бара жаткан жылкылардын катарын толуктайт. Негизгиси анда көчмөн кыргыз элинин бай тарыхы жатат.

- Кайсыл тарыхый булактарда, китептерде чаар жылкылар боюнча маалыматтар камтылган экен?

- Бул жылкылардын тарыхын изилдөө менен кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө болот. Кызыгуу пайда болгондон кийин дал ушул чаар жылкылар боюнча изилдеп көрдүк. Чаар жылкылары, кытайдын тарыхый маалыматтарында, өзүбүздүн адабияттарда, «Манас» эпосубузда да кездешет экен. «Манас» эпосунда Манастын Аккуласы тууган чаар бээ деп С.Каралаевдин баянында айтылат, ошону менен бирге Манас бала кезинде тору чаар ат мингени да айтылат. Толубай сынчы минген ат дагы чаар жылкы болгон. Ал эми кытай жазууларында болсо, биздин заманга чейинки 141 жана 87-жылдардагы император У-Динин башкаруусунда жазылган. У-Ди талаа согуштарына абдан чоң аттар армиясын түзгөн. Бирок кытай жылкылары жапыз бойлуу, алсыз, жай жүргөн жана көтөрүмсүз болуп, Хун империясынын күчтүү жылкыларына теңеле алган эмес.

Ала-була же чаар жылкыны байыртадан бери эле көчмөн кыргыздар, Алтай тоолорунан баштап Борбордук Азияга чейин багып жана баалап келишкен. Көчмөн жашоо образында алар аптаптуу ысыкка, ызгардуу суукка чыдамдуу жылкыларга муктаж болушкан. Алар бир нече чакырымды басып, бир жерден экинчи жерге көчүп, тоолордо жана талааларда мал үчүн жайыт издешкен. Чаар жылкы аскердик ат катары эсептелип, эрдиги жана берилгендиги менен бааланган. Ошондуктан көчмөн жашоодо жана мал багууда чоң тажрыйбага ээ болгон көчмөн кыргыздар дал ушул чаар жылкыны тандап алышкан. Көптөгөн уламыштарда жана жомоктордо чаар жылкы тууралуу мактоо сөздөрү айтылган. «Манас» эпосунда чаар жылкы Манастын аты катары айтылат. С.Каралаевдин варианты боюнча 12 жаштагы Манастын Тору Чаар аттуу аты болгон. Ал эми, «Төштүк» эпосунда баатырдын Чал Куйрук аттуу аты болгону айтылат. Ала-була жылкылардын куйругу кыска болот. Алардын кыска жалы башка жылкылардан өзгөчөлөнтүп турат. Дал ушул чаар жылкы үчүн хан Толубай сынчынын көзүн ойдурган. Толубай сынчы хандын бир да аты чаар жылкыга жетпейт экенин айткан. Кыргыздар негизинен ала-була болгон жаныбарларды: жылкы, ак кабылан, жолборс жана башкаларды баалап келишкен.

Чет элдик турист чаар жылкы менен

32

- Чаар жылкынын күлүктүүлүгү кандай? Бир күндө канча чакырымды басып өтө алат?

- Бул жылкылар бир калыпта жүрөт бирок чакырым узак. Күнүнө түздүктө 80-90 чакырымга чейин чарчабай жүрө алат, 5-6 саат тоолуу аймакта өйдө-ылдыйды эсептегенде жалпысы 40 чакырым жолду басып өтөт. Акылдуу жаныбарлар биздин жашоо шартыбызга ылайыкташкан. Мен туризм тармагында иштейм, башында түшүнбөстүктөн чоң аттарды алчубуз, туристтерге ат мингизгенибизде 1-2 күндө эле чарчап, ооруп калышчу. Чаар жылкылар болсо чарчоону билишпейт. Азыр келген туристтерди талаа түздө жакшы жүргөн чаар жылкылар менен көп күндүк турларды уюштуруп жатабыз. Кыргызстанда акырындык менен туризм тармагы өнүгүп келе жатат, буйруса чаар жылкыларды дагы көбөйтсөк, туристтерди тейлөөдө зор күч болуп калат.

- Сиздин Чаар сулуу деген жылкыңыз популярдуу экен. Көчмөндөр оюнуна келген дүйнөгө белгилүү жылдыз Стивен Сигал минип чыккан деп эл арасында айтылып жүрөт.

- Туура Чаар сулуу деген жылкыбыз бар. Ал дүйнө элине көрсөтүлгөн фильмге тартылып калып, популярдуу болду. Франциядагы белгилүү парфюмериялык каражаттарды чыгаруучу «Hermеs» фирмасы чыгарган жоолугуна Чаар сулуунун элеси түшүрүлгөн экен. Швейцарияга барып калганымда аталган фирманын директору, жоолукту жасаган дизайнери менен көзмө-көз сүйлөштүм, ошондо алар биз тарткан фильмди көрүшүп, чаар жылкы Кыргызстандын кооз жаратылышы жана маданияты ушул жоолукту жаратууда илхом бергенин билдиришти. Эл оозуна алынып калган Чаар сулууну Көчмөндөр оюнундарына катышкан белгилүү актер Стивен Сигалга мингизүү пландалган. Бирок жылкынын боюу жапыз болуп, актер бойлуу болгон үчүн минбей калган.

Чаар жылкынын элеси түшүрүлгөн жоолук

37

- Чаар жылкынын канча түрү бар?

- Илбирс түрүндөгү, жабуу жабылганы, кар себелеп койгондой ак боз өңдүү, жолборс өңдүү түрлөрү бар.

- Жылкыларды кармоо менен өзүңүзгө кандай пайда таба алдыңыз? Баалары кандай болууда?

- Мен чаар жылкыларды пайда көрүү үчүн баккан эмесмин. Менин максатым кыргыздын жоголуп бара жаткан жылкыларын сактап калуу, кыргыз элинин терең тарыхын изилдеп чыгуу болду. Ат жалында жүргөн элбиз деп мактанганыбыз менен өзүбүздүн жоголуп бара жаткан жылкыларыбызды барктай албай жатабыз. Башында базарлардан көрүп калсам сатып алууга аракет жасачумун. Азыр эми өзүбүздүкү көбөйүп баратат. Жылкылардын баалары ар кайсы жакта ар кандай. Себеби бизде бул жылкынын баалуулугуна маани берилбей жатат. Чаар сулууну Жаңы Зеландияга алып кетүү үчүн көп суммадагы акча сунушталганда башында макул болгом, бирок ошол кезде Кыргызстандын ветеринардык сертификаттар дүйнөлүк стандарттарга туура келбегендиктен сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал мезгилде Чаар сулуу экөөбүз бири-бирибизге байланышыбыз болбогондуктанбы, сатканы макул болгон экенмин. Шаардан келсем дароо тааныйт, өзү басып келип калат.

- Үйүргө салууда да өзгөчөлүгү болсо керек...

- Бир адамды жакшы көрүп калса ошол адам үчүн күйөт. Өлүп баратса да жеткирчү жерге жеткирет. Үйүргө кошкондо кооптуу жерлерге алып барбайт, жакшы үйрүп, жакшы коргойт. Үйүрдө 20,25 бээни кармай алат. Акылдуу жаныбар да.

- Келечектеги пландарыңыз?

- Эң негизги максат ушул жылкыны расмий кыргыз чаар жылкысы деген порода катары каттап алуу болуп жатат. Андан соң бул жылкынын ар тараптуу баалуулугун элге жеткирүү жана көбөйтүп сактап калуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×