Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Кочкор-Атадагы кафеде чыккан өрттөн нан бышырган өзбекстандык 3 адам жана Токтогулдун тургуну жаракат алды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафедеги өрт кырсыгынан 4 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, 20-февралда саат 4:30 чамасында аталган кафеде өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам жаракат алган. Алардын арасындагы бир жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, ал эми 3 адам Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Наманган шаарынын 23-24 жаштагы тургундары болгон. Кырсыктын себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуя болгон жерде Ноокен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.

Алдын ала маалыматка караганда, кафенин ичиндеги нан бышыруучу бөлмөдөн газ чыгып, белгисиз себептерден улам жарылуу болгон. Андан денесине жаракат алган Токтогул районунун Торкен айылынын 1981-жылы туулган тургуну С.Ж. Токтогулдан Кочкор-Ата базарына балык алып келген. Ал эми Өзбекстандын 3 жараны ошол кафеде жумушчу болуп иштеп, Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринде жашап, мыйзамдуу каттоодо турушкан.

Кочкор-Ата шаарындагы кафеде газ менен жылытылган меш жарылганда жабыркап, ооруканага түшкөн жарандардын бири Ош облусундагы ооруканага которулган болчу.

Кочкор-Ата шаардык ооруканадан маалымдашкандай, аталган мекемеге 4 жаран түшкөн. Анын экөө оор абалда, экөөнүн абалы орто оор бойдон калууда.

«Оор абалдагы эки бейтаптын бири Ош облустук ооруканасына реанимобиль унаасы менен которулду. Ош облустук ооруканадан дарыгер чакырттык. Үч бейтап керектүү дары-дармектер менен дарыланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

aa02153331d28e89d50a566f90395d0d_0_500_0

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде 20-февралда газ менен жылытылган мештин жарылышынан улам 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Жабыркагандардын тизмеси:

- 1995-жылы туулган В.А. (бетинен, белинен, колдорунан жана эки бутунун таманынан күйүк алган), Өзбекстандын жараны;

- 1994-жылы туулган П.Р., (бетинен, эки бутунан жана ичинен 2-3-даражадагы күйүк алган) Өзбекстандын жараны;

- 1994-жылы туулган Т.М., (бетинен жана эки колунун манжаларынан 2-3-даражадагы күйүк алган), Өзбекстандын жараны;

- 1981-жылы туулган С.Ж., (бетинен жана эки колунун манжаларынан 2-3-даражадагы күйүк алган), Кыргызстандын жараны.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2216
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×