Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 20.02.2018 17:27 Жаңыланды: 20.02.2018 17:52

Кочкор-Атадагы кафеде меш жарылып, 4 адам жабыркады. Оор абалдагы бейтапты Ошко которушту

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы кафеде газ менен жылытылган меш жарылганда жабыркап, ооруканага түшкөн жарандардын бири Ош облусундагы ооруканага которулду.

Кочкор-Ата шаардык ооруканадан маалымдашкандай, аталган мекемеге 4 жаран түшкөн. Анын экөө оор абалда, экөөнүн абалы орто оор бойдон калууда.

«Оор абалдагы эки бейтаптын бири Ош облустук ооруканасына реанимобиль унаасы менен которулду. Ош облустук ооруканадан дарыгер чакырттык. Үч бейтап керектүү дары-дармектер менен дарыланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

19

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде 20-февралда газ менен жылытылган мештин жарылышынан улам 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Жабыркагандардын тизмеси:

- 1995-жылы туулган В.А. (бетинен, белинен, колдорунан жана эки бутунун таманынан күйүк алган), Өзбекстандын жараны;

- 1994-жылы туулган П.Р., (бетинен, эки бутунан жана ичинен 2-3-даражадагы күйүк алган) Өзбекстандын жараны;

- 1994-жылы туулган Т.М., (бетинен жана эки колунун манжаларынан 2-3-даражадагы күйүк алган), Өзбекстандын жараны;

- 1981-жылы туулган С.Ж., (бетинен жана эки колунун манжаларынан 2-3-даражадагы күйүк алган), Кыргызстандын жараны.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×