Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.02.2018 14:36

Ноокендеги үйлөрдөн ири суммадагы акча, буюмдарды уурдап жүргөн 33 жаштагы адам кармалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда бир катар уурулук кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-февралда саат 13:00дөн саат 16:00гө чейинки убакта Ноокен районунун Масы айылындагы Кочкоров көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине ууру кирген. Жатак бөлмөдөгү темир сейфтин эшигин бузуп ачып, анын ичинде сакталып турган 10 миң рубль, 100 АКШ доллар, 250 миң сом жана 3 даана алтын шакекти уурдап кетишкен. Үй ээсине жалпы 295 миң 300 сом өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Андан 3 күн өткөндөн кийин 5-февралда саат 13:00 чамасында Ноокен районунун Көк-Таш айылындагы жаңы салынган үйгө ууру кирип, (5000 сомдук) үй буюмдарын уурдап кеткен. Ошол эле күнү болжол менен саат 07:00дөн саат 18:00гө чейинки аралыкта Ноокен районунун Сакалды айыл аймагына караштуу Чоң-Багыш айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер кирип, үйүнүн ичиндеги буюмдарды чачып карап, 9200 сомдук баалуу кийимдерин уурдап кеткен.

Жабырлануучулар РИИБге кайрылып, милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүп, тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ноокен районунун Масы айылынын мурда уурулук менен бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган тургуну М.М кармалып, жасаган кылмыш иштерин бир топ далилдердин негизинде толук мойнуна алган. Ал Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан камакка алынган.

Учурда шектүү жарандын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×