Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык Алина кече көйнөктөрүн тигип, кагаздан түрдүү гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ызар айылынын тургуну А.Эмилбекова сабактан тышкаркы убактысын кийим тигүү жана түстүү кагаздардан гүлдөрдү, ар кандай азем белектерди жасоо менен өткөрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кийим тигүүнү апасынан үйрөнгөн.

«Мен Осмоналиев атындагы орто мектепте 11-класста окуйм. Сабактан сырткаркы убакта үйдө кечелерге жана майрамдарга кийүүчү ар кандай көйнөктөрдү тигем. Өзүм мектептеги бийчи кыздар менен бийлегендиктен ар бир майрамда ар кандай номурларды даярдап, бийибиздин маанисине карап түрдүү кийимдерди тигем. Мындан сырткары ар кандай сынактар болгон учурда каптан жана баштыктардан өзгөчө стилдеги көйнөктөрдү тигебиз», - дейт мектеп окуучусу Алина.

Мындан сырткары, ал түстүү кагаздардан букет гүлдөрдү жана ар кандай азем белектерди жасайт.

«Гүлдөрдү жасоо ыкмасын интернеттен үйрөнүп, акыркы 3-4 жылдан бери жасап жатам. Бир күнү интернеттен орусиялык кыз үйдө эле түстүү кагаздардан жана салфеткалардан өзгөчө букет жасаганын көрдүм. Ошондон кийин мен дагы гүл жасоого аракет кыла баштадым. Учурда бош убактымдын баарын көйнөктөрдү тигүүгө жана ар кандай гүлдөр менен азем белектерди жасоого жумшайм. Орто эсеп менен бир гүлдү жасоого 3 күн убакыт кетет.

Мындай оригиналдуу белектерди майрамдарда апама жана эжеме, жакындарыма жасап берем. Азыркы тапта жакын досторумдун суранычы менен 8-мартка ар кандай букеттерди жасап жатам. Мындай гүлдөрдү жасоого кызыккандар көп, бирок акырына чейин көрүп үйрөнүп кеткендер аз. Ушул убакытка чейин өз эмгегимди акчага баалап сатып көргөн эмесмин, жөн гана сурагандарга белекке берем», - деп кошумчалады А.Эмилбекова.

Алина келечекте дарыгер болуу үчүн ЖОЖдо билим алууну пландоодо. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1451
Көп окулду
×