Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Токтогулдун мурда соттолгон тургуну 51 кг баңгизат жана 2 фляга гашиш майы менен кармалды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Токтогул районунда мурда соттолгон Алтынбек аттуу жарандын үйүнөн 51 кг 200 грамм кара куурай өсүмдүгү жана эки даана темир флягага салынган 61 кг 650 грамм гашиш майы, 450 грамм марихуана баңгизаты табылды.

«Бул факт 17-февралда ИИМдин жана ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баӊгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ачыкталды. Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү ЖПКнын 94-беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Башкармалык билдиргендей, кылмышка шектүү атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1601
Көп окулду
×