Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Ноокенде күкүрт кислотасын мыйзамсыз сактап жүргөн 2 жаран кармалды

Turmush -  Ноокен районунда күкүрт кислотасын мыйзамсыз сактап жүргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Сакалды жана Бүргөндү айылынын Хамид жана Дамир аттуу тургундары 4,5 кг күкүрт кислотасын мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен кармалышкан.

«16-февралда ИИМдин жана ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада күкүрт кислотасын жашыргандар ачыкталды. Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иштер козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Көп окулду
×