Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 19.02.2018 13:14

Майлуу-Сууда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата студенттер арасында сынак өттү (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шарындагы Борбордук Азия колледжинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 3-курстун студенттери арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу колледждин директору Алимбек Агабеков билдирди.

Анын айтымында, мындай сынак жыл сайын өткөрүлөт.

«Биз 2009-жылдан баштап ушундай сынактарды өткөрүп жатабыз. «Кана эмесе жаштар!» деп аталган бүгүнкү сынакка 7 команда катышты. Сынак жаштарды Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөө, аларды эр жүрөктүүлүккө үйрөтүү максатын көздөйт. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 1-2-даражадагы дипломдор, окуу жайдын администрациясынан жана негиздөөчүлөрдүн атынан атайын белектер тапшырылды. Борбордук Азия колледжинде 432 студент билим алат», - деди Алимбек Агабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×