Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.02.2018 09:28

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 19-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Сузак айылында «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, белгисиз себеп менен Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө №82 даректе жайгашкан үйдүн 49-батиринде өрт чыкты. Анын кесепетинен үй эмеректери жана 15 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Адамдар жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×