Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.02.2018 12:47

Сузакта 3 айылга электр энергия берүү токтотулат

Turmush -  Сузак районунда үч айылга электр жарыгын берүү токтотулат, чубалгылар кошо алынат. Мындай маалымат өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга чараларды көрүү максатында жарандык коргонуу комиссиясынын курамына кирген жетекчилердин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев табигый кырсыктардын алдын алуу кадамдарын күчөтүү, кооптуу аймакта жашап жаткандарды коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарга кокустук болсо баарыбыз жооп беребиз. Жер которууга мажбур болгондор туугандарыныкына деле көпкө тура алышпайт, соцобьектилерди караштыралы. Кыш жаздагыдай болуп турат. Биздин облуста табигый кырсык көп катталат, жаз алды менен дарыяларда суунун нугу ашуу коркунучу жаралат. №10 дамбага көз салуу керек. Айыл чарба багытындагы жерлерге, калкка өзгөчө кооптуулукту жараткан сай жээктерин бекемдөөгө колдон келген аракетти көрөлү, ӨКМ башчысы К.Бороновду чакырып, ага да өзгөчө кооптуу жерлерди көрсөтүп, биргеликте кыдырып чыгалы. ӨКМдин облустагы башкармалыгы техникалар боюнча да министрликке кат жолдоп, өзгөчө кырдаал көп катталган облуска техникалар бөлүнүшү керек», - деди ал.

Жыйында облуста ӨКМдин бир экскватору иштеп жаткандыгы, облус үчүн жетишсиз экендиги жана техникалардын эскилиги айтылып, министрлик дубанга техникаларды бөлүштүрүүгө көңүл бөлүү зарылдыгы белгиленди.

Сузак районунун акими жер тилке, судда алып бирок көчпөй жаткандарга түшүндүрүү иши жүрүп жаткан менен айрым жашоочулар көчүүдөн баш тартып жатканын, аргасыздан сотко кайрылууга мажбур болуп жатышканын белгиледи.

Анын айтымында, райондо кооптуу аймакта жашап жаткан 1073 түтүн бар. Анын 950сү көчпөй жатат.

«Ушул жылдын январь айында Орток айылында жер көчкү жүргөн. Андагы айыл элине тынымсыз түшүндүрүп жатып, 22 үй-бүлө ошол эле айылда коопсуз аймакта жашап жатышат. Эки үй-бүлө көчүүгө каршы чыгышты, алардын үстүнөн сотко кайрылууга мажбур болдук. Биздеги райондук жарандык коргонуу комиссия Орток айылындагы эки участкага жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кызыл-Алма, Алмалуу-Булак айылдарына электр жарыгын берүүнү токтотуу чечимин кабыл алдык. Кызыл-Алма айылында калк жашабайт, кайрадан көчүп барып албасын деген ой болууда. Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары 20-февралга чейин суранышкан, андан кийин өчүрүлөт. Электр энергиясын алуу, трансфармотрду демонтаждоо боюнча чечим кабыл алдык. Орток айылынын тургундары үчүн Жашасын айылындагы соцобьектилерди бошотуп, баш калкалоого шарт түздүк. Бирок жашоочулар баш тартышты», - деди аким.

Жыйында маалым болгондой, көчкү кооптуулугунда жашагандарды көчүрүү үчүн Кара-Алма жана Кочкор-Ата токой чарбаларынан жер ажыратып берүү маселеси көтөрүлүүдө. Бирок мыйзамда токой чарбаларынын жерлерин жеке менчикке берилбей турганы жазылган. Мындан улам өкмөттүн деңгээлине да каралуусу зарыл болуп турат. Дарыя жээктерин бекемдөө маселелери, аткарылып жаткан иш мерчемдер да талкууланды. Өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн быйыл 61 объект кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×