Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Токтогул 17.02.2018 11:08

Токтогулда сарай урап, ичиндеги малды басып калды

Turmush -  Токтогул шаарында кечээ, 16-февралда саат 12:20 чамасында мал багылуучу сарай урады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзгөрүш көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда жайгашкан мал сарайда 35 баш майда жандык жана 1 баш ири мүйүздүү мал болгон. Куткаруучулар урандыны тазалап, астында калган малды алып чыгууга жардам беришти. Жалпы 5 куткаруучу тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×