Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик Т.Тажибаев эт жана сүт багындагы 1 тонналык букалар менен уйларды багууда (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Бирлик айылынын 29 жаштагы тургуну Толкун Тажибаев сүт жана эт багытындагы уй жана букаларды багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы элеттик фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча мал доктур. Башында 20га жакын уйду багып, кийин гана ферманы чоңойтконго жетишкен. Учурда малдын саны 70тен ашты.

«Буга чейин атам мал кармачу. Үйүбүздүн аянты 12 сотых эле, ал жерге мал сарай куруп, уйларды бага баштадык. Кийинчерээк айыл өкмөттөн атайын 500 метр алыста жайгашкан ээн жерден жер сатып алып, ал жерге сарай салып, фермабызды кеңейтип баштадык. Учурда ал жерде 2 чабан иштейт. Фермада бука жана уйлардан тышкары жылкы, кой, үндүк, тоок жана башка ушул сыяктуу үй жаныбарлары бар. Өзүм мал доктур болгондуктан, алар ооруп калса өзүм эле дарылап коём», - дейт Т.Тажибаев.

Ал салмагы 1 тоннадан ашык бука менен уйларды аргындаштырганын белгиледи.

«Алгач Голландиядан алынып келген урук менен уйду жасалма уруктандырып, андан өзгөчө породалуу мал алдык. Учурда күнүнө 25-30 литр сүт берүүчү уйларды багып жатабыз. Мындан сырткары, салмагы 1 тоннадан ашык болгон бука жана асыл тукум уйларды багып жатабыз. Учурда 10го жакын саан уй бар, алардан күнүнө 20 литрден сүт алабыз. Сүттү дүкөндөргө жана мектеп, бала бакчаларга 20 сомдон сатып жатам. Кышкысын талаага алып чыгып, жайкысын айрым гана уйларды жайлоого чыгарабыз.

Фермада 2 адам иш камсыз болгон, аларга айлык төлөйм. Мамлекет бизге окшогон жаш ишкерлерге салыкты арзандатып берсе жакшы болмок. Эми мен сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачууну пландап жатам», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4921
Көп окулду
×