Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.02.2018 12:37

Ноокенде өспүрүмдөр менен ардагерлер шахмат мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Масы айыл өкмөтүндө өспүрүмдөр жана ардагерлер арасында «Спорт кылмыштуулукка каршы» урааны астында шахмат оюну боюнча райондук мелдеш өттү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, спорттук иш-чара жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, жаштарды сергек жашоого үндөө жана спортко кызыктыруу максатында уюштурулган.

Мелдешке райондун аймагынан 50 өспүрүм жана ардагерлер катышып, ага акимдин орун басары, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, согуштун ардагерлери жана дене тарбия мугалимдери күбө болушту.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Масы айыл өкмөтү тарабынан диплом, кубок, шахмат жана башка белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×