Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 16.02.2018 10:13

Казарман—Акталчат жолу бир тараптуу ачылды

Turmush -  Казарман—Акталчат жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу аталган жолду тейлеген №18 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Марат уулу Адилет билдирди.

Анын айтымында, Казарман—Акталчат жолуна жалпысынан ондой жерге 95 миң метр куб кар күрткүсү түшкөн. Түнкү 02:00гө чейин жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

«Азыр да жолду тазалоо жумушу жүрүүдө. Жолду тазалоо үчүн жалпысынан 7 техника тартылган», - деп билдирди ал.

Буга чейин Казарман—Акталчат жолунда кар көчкү түшүп, элдик жыйынга катышкан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков баштаган бийлик өкүлдөрү менен эки айылдын эли жолдо калгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×