Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 15.02.2018 18:38

Казарман—Акталчат жолунда кар көчкү түшүп, чиновниктер менен эки айылдын эли жолдо калды

Turmush -  Казарман—Акталчат жолунда кар көчкү түшүп, элдик жыйынга катышкан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков баштаган бийлик өкүлдөрү менен эки айылдын эли жолдо калды. Бул маалыматты Ы.Ызабеков өзү да тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн Тогуз-Торо районунда элдик жыйын өткөн. Жыйын бүткөн соң алар Тогуз-Тородон Бишкекти көздөй жолго чыгышкан.

«Жол жабылып, учурда эл менен чогуу жолдо турабыз. Жыйында тургундар районго жол тейлөө ишканасын ачып берүү маселесин коюшкан. Мына ушул жолдо турган жашоочулар да ишкана ачуунун зарылдыгын айтышып, талап коюшууда. Тогуз-Торо жолун Нарын облусундагы №18 жол тейлөө ишканасы тейлейт. Аталган ишкананын өкүлдөрү Нарындан келип жол тазалагыча кыйналып жатышканын айтышууда. 5 сааттан бери жол жабык турат», - деп билдирди Ы. Ызабеков.

Ал белгилегендей, элдик жыйынга барган Дөдөмөл, Кош-Булак айылынын тургундары Ак-Союл участкасына түшкөн кар көчкүдөн улам жолдо турушат.

Бүгүн, 15-февралда Казарман—Акталчат унаа жолунун Тогуз-Торо районуна караштуу Ак-Союл участкасына кар көчкү түшүп, 5 сааттан бери жол ачыла элек.

Ал эми Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун айтымында, жергиликтүү бийликтин күчү менен техникалар тартылып, айрым тилкелерди ачууга аракеттенип жатышат. Маалым болгондой, Казарман—Акталчат жолунун 17-20-40-80-82-чакырымдарына кар көчкү түшкөн.

Ал эми жергиликтүүлөр жол тейлөө ишканасы Тогуз-Торонун жолуна кош көңүл мамиле жасап жатканын билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×