Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу пландалууда (фото)

Turmush -  Сузакта камыш баскан 20 гектарга жакын жерге логистикалык борбор куруу пландалууда. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн, 15-февралда өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушууда билдирди.

Жыйынга талаачылыкта, айыл чарба багытында тажрыйбасы мол кызматкерлер жана аксакалдар, кооперативдердин өкүлдөрү катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин, бир катар көйгөйлөрдү ортого салышты.

Ал эми өкүл аймактарды өнүктүрүү боюнча бийлик колдон келген аракет менен жумуш жасай тургандыктарын билдирди. Анын айтымында, дубандагы жаңгакты, кайналыны жана балды Жалал-Абаддын бренди катары алып чыгууга болот. Мындан улам Чүй дубанында бал өндүрүп жаткан заводдун өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп, облуска чакырышкан. Кытай инвесторлору февраль айынын аягында келет деп күтүлүүдө. Алар бал өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жогору болсо завод курууга даяр экенин билдиришкен.

Мындан сырткары, жүндү, терини кайра иштетип чыгаруучу завод куруу боюнча да кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөн. Экологияга зыяны тийбесе завод курулат.

«Нааразычылыктар чыкпоосу үчүн анализ жүргүзүлсүн, экологиялык изилдөө жүргүзүүчү адистерге завод курулуучу жайга жакын аймактагы активдүү тургундарды да кошуу керек. Ошондо митинг деген нерселер болбойт», - деп билдирди ал.

Ал маалымдагандай, дубанда Токтогул, Ала-Бука, Ноокен райондорунда ЕАЭБдин талаптарына жооп берген фитосанитардык лабораториялар түзүлдү. Эми алардын жабдыктарын жаңылоо иши калды, бирок бир топ сумма зарыл болот. Бул жаатта өкмөттүн колдоосу менен иш алып жүрөт.

«Сузак районунан камыш басып иштелбей жаткан 20 гектар жер табылды. Ал жерге логистикалык борбор ачуу боюнча аракеттенүүдөбүз. Келечекте электрондук логистикалык борбор ачуу планы бар. Ал ишке ашса дыйкандарыбызга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн болот. 2017-2023-жылга кабыл алынган мамлекеттик программада Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагычтарды куруу планга кирди. Бул биз үчүн да чоң үмүт артат. Жүзөгө ашып калса гектарлаган жерлерибиз сугат суу менен камсыз болот», - деп билдирди ал.

Жыйындын катышуучулары да аймактагы бир топ маселелерди айтышты. Анда айтылгандай, Көк-Арт айыл аймагында гектарлаган жерлерге суу келбей, кайрак жерге айланган. Чындыгында суу сактагыч куруунун зарылдыгы турат.

Мамлекет тарабынан жасалма уруктандыруучу пункттарга шаймандар берилгени менен жыйынтыгы көзгө көрүнбөй жатат. Пункттардын дээрлиги ишин жөнгө салып кеткен жок, 10-15 пайызы гана жакшы иштеп жатат. Андыктан алардын ишин көзөмөлгө алуу керек. Мамлекет кооперативдердин иштөөсүн колго алуу үчүн аларды жер салыгынан бошотуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү караш керек, ошондо гана дыйкандарда кызыгуу, умтулуу пайда болот. Дыйкандарда топурактын асылдуулугун арттыруу ыкмалары боюнча маалымат аз болуп, мол түшүм албай жатышат. Андыктан дыйкандарды окутуунун да зарылдыгы турат.

Жыйындын катышуучулары балды чет өлкөнүн атынан бренд кылып алып чыгууну жана сүт заводдордун зарылдыгын айтышты. Токтогулдан келген Тайырбек Сарпашев бал жана суу маселесин көтөрдү.

«Биз бал менен алектенген фирмалардан утуш албайбыз, алар биздин продукцияны алып, өздөрүнө бренд кылып алышат. Биз сырткы соодага өз алдыбызча чыгуубуз керек. Былтыркы жылы Сеулга барып келдим, ал жакта балдын килограммы 80 доллар экен. 100 кг алып бардым эле 40 доллардан сатып келдим, жол акымды актады. Ал жактын базарына сатуу үчүн мамлекет уруксат алып берсе, биз өз продукцияларыбызды сатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1224
Көп окулду
×