Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 15.02.2018 09:59 На русском

Тогуз-Тородо мал издегени кетип дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды

Turmush -  Тогуз-Торо районунда мал издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-абад облусунун Тогуз-Торо районунда ушул жылдын 6-февралында Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну — 1983-жылы туулган К.Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев, 1989-жылы туулган С.Өмүралиев Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. Алардын арасынан К.Чоялиев 12-февраль күнү кечинде Бирдик айылына келип, С.Чоялиев менен С.Өмүралиевдин адашканы тууралуу билдирген.

Издөө иштерине жалпы жергиликтүү тургундардан 32 адам жана ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 15-февралда саат 08:25те жоголгон 2 жарандын жансыз денелери кардын астынан табылды.

Буга чейин Тогуз-Торо районунун Кабак кыштоосунда дайынсыз жоголгон 2 адам изделип жаткандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдаган болчу.

Аларды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен. Ошондой эле, 14-февраль күнү саат 14:20да издөө иштерине айыл тургундарынан 15 адам жана ӨКМдин №46 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ат менен чыгып кетишкен эле.

Turmush басылмасы 2016-жылы Тогуз-Торо районунда тоңуп каза болгон эки эркек киши тууралуу жазган. Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулушчу болуп иштеп жүргөн 2 жаран: Надыр Тиллабаев менен Ильхом Жумабаев 23-октябрда мончого барабыз деп үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээси алар менен байланыша албай койгон. Түнкү саат 10:00 чамасында алардын бири Сары-Кыр ашуусунан аша албай калышканын, бороон болуп адашып кетип, кайра артка кайтышканын билдирип байланышкан. Үй ээси аларды Казарман — Жалал-Абад жолунда түнкү саат 3:00гө чейин издеп, таппай кайра кеткен.

Куткаруу-издөө учурундагы сүрөттөр

24-октябрда саат 13:20да куткаруучулар тарабынан Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 44-чакырымындагы Сары-Кыр ашуусунда Ильхомдун катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Ал эми, Надыр 28-октябрда Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 46-чакырымындагы Сары-Кыр ашуусунда табылган.

Куруучулар Сузак районунун тургундары болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×