Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 14.02.2018 10:34

Майлуу-Сууда алыш бел боо күрөшү боюнча мелдеште өзбекстандык кыздар жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында кыз-келиндер арасында алыш бел боо күрөшү боюнча мелдеш өттү.

Маалым болгондой, 5 салмактык категория боюнча өткөн мелдешке 63 кыз-келин катышты.

«Мелдешке Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы спорт мектебинде тарбияланып жаткан кыз-келиндер келишти. Ошондой эле, Өзбекстан мамлекетинен үч кыз-келин катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду Өзбекстан, 2-орунду Ош шаарынан келгендер ээлесе, 3-орунду Майлуу-Суу шаарындагы И.Раззаков мектебинен келгендер ээледи. Байге фонду 50 000 сом болду», - дешет уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×