Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2018 17:31

Жалал-Абадда рейд учурунда бир турак үйдөн 40тай кайырчы кармалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди өткөрүлүп, бир үйдөн 40ка жакын кайырчы кармалды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү жана «Тазалык» муниципалдык, «Жалалабадсууканал» башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Анын алкагында төрт үй текшерүүгө алынып, жыйынтыгында бир турак үйдөн 40ка жакын кайырчы кармалды. Алардын ичинен тогузу өспүрүм болгон.

«Ар тараптан келген кайырчылар шаар ичинде калк жыш жайгашкан, соода-сатык жүргүзүлгөн жерлерде, унаа жүрүүчү жолдордо кайырчылык кылып, ыңгайсыздык жаратып жатканы боюнча коомчулук нааразычылык билдиришкен. Мындан улам таңга маал «Кайырчы 2» аталышта рейд жүрдү. Жыйынтыгында бир үйдөн 40ка жакын кайырчы кармалып, өздүктөрү такталды. Алардын ичинен 23 адам Ош облусунан келишсе, жетөө Өзбекстандын Бухоро облусунан келишкен. Өздүктөрү такталгандан кийин алар өз аймактарына жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Кайырчыларга шарт түзүп, жатаканаларын ижарага берип жаткан үйдүн ээсине мыйзамга ылайык чара колдонулат. Кайырчылардын ырастоолорунда, жашаган жерине күнүнө ар бири 30 сомдон 50 сомго чейин төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×