Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.02.2018 15:25 На русском

Кара-Көлдө энергетик, гидрокуруучулар үчүн курулган мончонун жабылышына жумушчулар нааразы (видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарында энергетик жана гидрокуруучулар үчүн курулган борбордук мончонун 14-февралдан тартып жабылып жаткандыгына байланыштуу мончонун жааматы президент С.Жээнбековго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алардын айтуусунда, бул мончо 1964-жылы гидрокуруучу жана энергетиктер үчүн курулган. Ошол күндөн тартып ГЭС куруучулар жана карапайым калктын кызматында. Курулгандан баштап бир дагы жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Мончо Токтогул ГЭСтер Каскадына карайт.

Мончонун жетекчиси Бурмакан Өмүркулованын айтуусунда, 14-февралдан тартып мончо элге кызмат кылуусун токтотуп, тендердин жыйынтыгы менен жеке менчикке, ижарага берилет. Андагы кызматкерлер жумушсуз калышат.

«Биз жергиликтүү бийликке кайрылдык. Өзүбүздүн жетекчиликке дагы кайрылганбыз. Бизге жумуш орун түзүп берип, андан кийин мончону жабышса болмок. Бул мончого карапайым калк, гидрокуруучу, энергетиктер жана аксакалдар колдонуп келген. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, элдин кызматына пайдаланууга беришсе жакшы болмок. Шаарда жумушсуздук көйгөйү бар. Элди жумуш менен камсыз кылгандын ордуна, минтип бизди да жумушсуз калтырууда», - дейт ал.

Алар белгилегендей, жакында шаар аксакалдары премьер-министрге жана Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчисине бул маселе тууралуу кат жөнөтүшкөн.

«Өкмөт башчы С.Исаковдон Токтогул ГЭСтер Каскадынын жетекчилигине аксакалдардын суроо-талабын оң жагына чечип берүү каралганы тууралуу тапшырма болгон. Бирок иш оң жагына чечилбей, азыркыдай иш-аракеттер жүрүп жатат. Маселени оң жагына чечип берүүнү өтүнөбүз», - дешти мончонун жамааты.

Мончо жумасына 5 күн иштеп, дүйшөмбү, бейшемби күндөрү эс алуу күндөрү болуп саналат. Жамаатта 10 адам иштеп, пенсияга чыкандан кийин учурда 7 адам иштеп жаткан. Пенсионер, жаш балдар үчүн 35 сом, калган адамдар үчүн 60 сомдон кызмат көрсөтүлчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×