Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Ала-Букадан Өзбекстанга өтүп кеткен 21 баш жылкы бир саатка жетпей кайтарылды

Turmush -  Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен жылкылар 1 саатка жетпеген убакытта кайтарылды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя кечээ, 12-февралда саат 15:00 чамасында болуп, чек арачылар жардам көрсөткөн.

«Кош-Дөбө» чек ара тозотунун жетекчисине Жетиген айылынын тургуну 21 баш жылкысы чек арадан өтүп кеткенин айткан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ала-Бука району боюнча өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган аймагындагы кесиптешине байланышып, бул маселе тез арада чечилди.

Жылкыларын алгандан кийин ээсине Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 389-беренеси менен айып салынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 867
Көп окулду
×