Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Бөрүлүү мезгил: К.Саталиев тайын жеген карышкырды кантип атканын айтып берди (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мергенчи Кылыч Саталиев Баба-Чал чөлкөмүнөн дөбөт карышкыр атканын аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 11-февраль күнү К.Саталиев жоголуп кеткен тайын издеп чыккан. Бирок тайын карышкыр жеп кеткенин байкаган. Андан соң карышкырлардын изи менен артынан барып, Баба-Чал чөлкөмүндө 4 карышкырдын жатканын көргөн. Алардын ичинен бир карышкырды атып алган.

«Чынына келгенде айыл жергесинде жалгыз караганыбыз мал. Учурда карышкыр күч болуп, малыбызга кол салып жатат. Тайымды жеп кеткен экен. Карышкырдын изи менен акмалап барсам, 4 карышкыр жатыптыр. Бирөөсүн атып алсам, минтип килейген дөбөт карышкыр экен», - деди К.Саталиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4986
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×