Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Мекендештер: Жылкынын этин жей турганыбызды билген африкалыктар таң калган, - Түркияда окуган У.Жаныбеков

Turmush -  Кочкор районунун 23 жаштагы тургуну Уран Жаныбеков учурда Түркиянын Анталия шаарында магистратурада акысыз билим алууда. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, өткөн жылы Кыргызстанда Президентке караштуу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу академиясын бүтүрүп, азыркы учурда Анталия шаарында Ак деңиз университетинде окуп жатат.

«Бул жак эң биринчи эле студенттери менен айырмаланат экен. Бул жакта окубай койсоң окуудан чыгып кетесиң. Ошого байланыштуу студенттер китептерин көтөрүп жүрүшөт. Мугалимдери дагы кенен түшүндүрүшөт. Эгер түшүнбөй, мугалимиңден жардам сурасаң болдот. Ал университеттен түшүндүрүүгө жетишпесе да сени чай ичүүгө чакырып, ал жактан түшүндүрүп беришет. Бул жакта студенттерге мугалимдер көп көңүл бурушат. Күнүнө канча жолу тамактанасың, канча жолу инстаграмга кирдиң бүт баарысын көзөмөлдөп, студенттердин ар бирине кунт коюп карашат. Мен өзүм Кыргызстанда жүргөндө улуттук китепканага кээде эле барып китеп окубасам, көбүн интернеттен таап окучумун. Бул жакта китепканада бош орун калбай калат. Университеттин имараты өтө чоң. Ичинде юридика, адабият, география, лингвистика, экономика, менеджмент, медицина, туризм, спорт жана башка көп тармактар боюнча билим берилет. Кээде Кыргызстанды сагынганда университеттин имараттарын Кыргызстандагыдай кылып бөлүп коём. Бул улуттук университет, бул агрардык университет, бул медициналык университет деп сагынычымды таркатып алам (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Кыргызстан менен Анталиянын айырмасын айтып берди.

«Анталияда өзүң тандаган кесипти үйрөнөсүң. Кыргызстанда мектеп учурунан баардык тармакта окутат эмеспи, ошол жагынан чоң айырма бар экен. Бул жактан техникти ала турган болсок ал өзүнүн адистигин жакшы билет, бирок Швециянын борборун билбейт. Анткени ал жалаң өзүнүн кесиби боюнча окуйт.

Түркияда ар кандай улуттагы адамдар окушкандыктан маданият жагынан ар кимибиздикине таң калабыз. Мисалы биз жылкынын этин жей турганыбызды билген африкалыктар аябай таң калган. Мен алардын жердеги ак куртту тамшана жей турганын билгенде таң калдым», - деди ал.

Уран үй-бүлөлө 2 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1937
Көп окулду
×