Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык Токтобек устанын үйүндө 6,5 метр анаконда сакталуу (фото)

Turmush -  Талас районунун Кара-Кол айылынын 28 жаштагы тургуну Өскөн уулу Токтобек узундугу 6,5 метр болгон анаконданын ээси. Аймактык кабарчы уста менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, 2012-жылдан бери устачылык менен алектенип келет.

«Мен чоң усталардын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Чоң атам айыл тургундарына боз үй жасап берген усталардан болгон экен. Өзүмдүн атам да уста. Ат жабдыктардын баарын жасап, камчы өрөт. Чоң атам менен атамдын устачылыгы мага өтсө керек. Азыр жыгач устамын. Турак үйлөрдүн ичин дагы жасалгалап берем. Жасалганы кардардын каалоосу менен, айрым учурда өзүмдүн каалоом менен жасайм. Заманбап жасалгалоо 1 миң доллардан өйдө бааланат», - деди ал.

Уста буга катар эле жыгач анаконданы кантип жасаганын айтып берди.

«Өзгөчө буюм жасагам келди. Токойго барып, анакондага окшош талды көрүп, үйгө алып келгем. Анын узундугу 6,5 метр. Аны тазалап, чегип, боёп анаконда жасадым. Боегуна 600 сом кетти. Муну жасоого 1 ай убакыт кетип, жалаң бычактын жардамы менен оюп жасап чыктым. Өзүмдө кол өнөрчүлүккө шык бар болгондуктан ыгын табуу кыйынга деле турган жок. Анаконданы өз кызыкчылыгым менен эле жасагам, мунун баасы жок. Өз колум менен биринчи жолу жасап жаткандыктан айыл ичиндеги музейге коём деген ниеттемин. Буйруса бул жыландын экинчисин жасайм деген ойдо жүрөм», - деди ал.

Жыгач уста жубайы менен 2 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4116
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×