Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жумушсуздук маселеси боюнча күнүнө 20дай адам кайрылат, - мэр

Turmush -  Кара-Көл шаарында жумушсуздук маселеси боюнча күнүнө 20дай адам кайрылат. Бул тууралуу шаар мэри И.Еркеев 7-февралда өткөн элдик жыйында билдирди.

Анын айтымында, жумушсуздук бул көйгөйлүү маселелердин бири.

«Күнүнө кабыл алган адамдардын ичинен 20дайы жумушсуздук маселеси менен кайрылышат. Алардын көпчүлүгү Токтогул ГЭСтер Каскадына жумушка орношууну каалашат. Бирок бул мекемеге элдин баарын жумушка орноштуруу мүмкүн эмес. Аларда жумуш орундары чектелүү гана. Апрель айларында Оот айылына акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдылган экологияга зыянсыз заманбап цемент заводун куруу иши башталганы жатат. Азырынча бир аз документтери бүтө элек. Эгерде бул завод курулуп, ишке кирип калса 300-400 орундуу жумуш орду түзүлөт.

Андан сырткары Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи агрегатын куруу иштери күздө башталат деген маалымат бар. Ушул максаттар ишке ашса, жумушсуздук маселеси чечилет», - деди шаар башчысы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1232
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×