Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Жумгалда кыргыз хоккейинин 20 жылдыгы белгиленди (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Шортон аймагында кыргыз хоккейинин 20 жылдыгы белгиленип, мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын спорттук техникалык коргоо уюмунун Жумгал району боюнча төрагасы Кубанычбек Мамбеталиев билдирди.

Анын маалыматында, хоккей Жумгал жергесинде 1998-жылы башталып, ушул жылы 20 жылдыгы белгиленип жатат. Ага Чолпон-Ата, Нарын шаарынан жана Кочкор, Жумгал районунун айылдарынан командалар келип, 40 жаштан жогорку курактагы хоккейчилер беттешке түшүштү.

Оюн чүчү кулак менен өттү.

«Быйыл кыргыз хоккейинин 20 жылдык юбилейин белгилеп коелу деп уюштурганбыз. Азыр 4 курама команда болуп мелдеш өттү. Ар тараптан келген командаларды аралаштырып ойноттук. Ошондуктан аттары аталбай эле «Достук» командасы болуп мелдешишти. Анын жеңүүчүлөрүнө белектер, грамота жана төш белгилер тапшырылды», - деди К.Мамбеталиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Көп окулду
×