Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Кербенде милиционердин унаасы мугалимдерди сүзүп, экөө каза болду

Turmush -  Кербен шаарында милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Окуя бүгүн, 10-февралда саат 18:00 чамасында болгон. Бул фактыны Жалал-Абад ОИИБ тастыктап, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Учурда тактоо, текшерүү иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16700
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×